Ысык-Кѳл облусундагы «Кыргызское взморье» эс алуучу жайда жоголгон 5 жаштагы кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылышкан. Ошол замат ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын сержанты К.Эсенкожоев жана милициянын кенже сержанты М.Майрамбеков эс алуу жайынын айланасынан издешип, кечки саат 21:15 чамасында кызды таап аман-эсен ата-энесине ѳткѳрүп беришкен. Ушундай эле кѳрүнүш «Голубой Ысык-Кѳл» эс алуу жайында да орун алган. Анда 10 жаштагы эгиз кыздар жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, полктун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиги Н. Кулданбаев, милициянын старшинасы Э.Эркебаев, милициянын улук сержанты Б.Тагылыков жана милициянын кенже сержанты О.Баратов издѳѳ иштерин жүргүзүп, табылган эгиз кыздарды туугандарына ѳткѳрүп беришкен.
Эл-жери үчүн күн-түнү кызмат ѳтѳп жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздап жаткан полктун кызматкерлерине кыздардын ата-энеси жана туугандары терең ыраазычылыктарын билдиришти.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы