Учурда техникалык сервистерди түзүү боюнча райондор тарабынан долбоорлор даярдалды.

Нарында «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ар бир районго лизинг аркылуу айыл чарба техникалары алынганы жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, техникалык сервистерди түзүү боюнча райондор тарабынан долбоорлор даярдалды.
8-августта президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов банк кызматкерлерин кабыл алып, лизинг аркылуу техника алуу процессин ылдамдатып берүүнү өтүндү.
Лизинг жолу менен алынуучу техникалардын 30 пайызы же баштапкы төлөмү Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунан каржыланып берилет. Калганы бара-бара техникаларды иштетүү жолу менен кайтарылмакчы.