Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
1-августта министрлер кабинетинин билим берүү тармагындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилип, анда республикадагы билим берүүнүн бардык баскычтарында окуу жылынын узактыгына оптималдуу мөөнөттөр белгиленген.
«Ошентип, жалпы билим берүү уюмдарында, башталгыч кесиптик, орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуу жылы 1-сентябрда башталат. Ошондой эле ЖОЖдорго кабыл алуу тартибине да өзгөртүүлөр киргизилип жатат», — деп кошумчалады ведомстводон.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын августунда министрлер кабинетинин токтому менен окуу жылынын башталышы 1-сентябрдан 15-сентябрга жылдырылып, «билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу, оффлайн режиминде окутууга этап-этабы менен өтүү, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды, ошондой эле туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү».