Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Facebook социалдык тармагы аркылуу аткаруу бийлигине кайрылуу жасады:
«Урматтуу достор!
Менин дарегиме июль, август айы көптөгөн кайрылуулар, арыздар түшүп жатат. Андыктан өз оюмду билдирип койоюн: Негизинен элди кыйнаган кээ бир мамлекеттик кызматкерлер, мекеме жетекчилери, укук коргоо органдары бийлигине таянып, чегинен чыгып жатышыптыр. Ошондой эле жер, үй, менчигин алдырган жарандар. Адилетсиз сот чечимдерине нааразы болушууда. Мамлекеттик саясатка, улуттук идеологияга каршы иштеп жаткан группалар жөнүндө жазышууда.
Президентибиз чиновниктерге эл аралагыла, адилеттүү болгула, маселени жеринен билгиле деп тапшырма берди. Бирок, бийлик кумарына баткан министрлер, губернатор, акимдер, укук коргоо органдары эски оорусунан арыла албай жатышыптыр.
Эскертүү кылам:
Жөнөкөй элди кыйнаган укук коргоо органдары! Мамлекеттин эсебинен байыган чиновниктер! Жолдон, суудан уурдаган жетекчилер! Бийлик убактылуу! Элди кордогондор өздөрү кор болушкан! Буга тарых күбө. Токтоткула! Силер крышам бар деп шылуундук кылып жатасыңар! Бирок, чыныгы крыша болуучу, коргоочу бир жараткан өзү гана!
«Кудай кимди кааласа, кадырын көтөрөт. Кимди кааласа кадырын түшүрөт». Убактылуу берилген
аманаттан аша чаппагыла!
Мыйзам баарына бирдей. Конституцияда жазылган бийликтин негизги булагы бул — ЭЛ» — деп жазган эл өкүлү.