Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 1,2 миң мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик класстар үчүн эмеректерди жеткирип жатат.

Билим берүү министрлигинен билдиргендей, 1,2 миң мектептин ар бирине — 15 стол, 15 стул, процессор үчүн 15 тумба берилет. Ал эми 8 педагогикалык колледжге – 21 стол, 21 стул жана процессор үчүн 21 тумба тапшырылууда.

5-августка чейин Ысык-Көл облусу боюнча 109 мектепке эмеректер жеткирилип бүттү. Учурда Чүй, Баткен, Нарын облустарына жана Бишкек шаарындагы мектептерге берилип жатат. Андан кийинки кезекте Ош, Жалал-Абад жана Талас облустары турат. Бардык мектептерге жеткирип берүү жумуштары октябрь айында бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1200 мектепке (жалпы мектептердин 56%ы) жана 8 педагогикалык колледжге 24 168 даана компьютер, 7 208 даана проектор, 2 408 даана хаб, 1 208 даана көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS берилет.