Баткен облусунун аймагында “МАК-2022” иш-чарасынын экинчи этабы жүрүп жатат. Ушул иш-чаранын алкагында Кадамжай РИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана милициянын участкалык уполномоченныйлары А.Масалиев айыл аймагынын өкүлдөрү менен топторду түзүп, иш-чараларды улантууда.


Чогуу иш алып барган топтор А.Масалиев айыл аймагындагы жашаган жергиликтүү тургундардын баңгилик кылмышына баруунун алдын алуу максатында жалпысынан 9,5 га жерди карап чыгып, болжол менен 5 тоннадай жапайы өскөн кара куурайлар өрттөлүп жок кылынды.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы