Бишкекте А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында «Манас» үчилтигинин англис тилине которулган китебинин бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үчилтик англис тилине Америка Кошмо Штатынын жараны, Монтана мамлекеттик университетинин магистранты Акылай Байматова тарабынан Мар Байжиевдин хрестоматиялык варианты боюнча которулган.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер катышты.

«Манас» эпосунун бүгүнкү күндөгү орду, аны даңазалоо жана сактоого мамлекеттик деңгээлде көрүлүп жаткан камкордуктар, ошондой эле эпостун чет тилдерге которулуп китеп болуп жарык көрүшү «Манас» эпосуна болгон кызыгуу көп жана аны сактоого тиешелүү деңгээлде мамлекет тарабынан колдоо бар экенин көрсөтүп турат», — деди министр аземдин жүрүшүндө.

Мындан сырткары, Азамат Жаманкулов манасчылык өнөр менен бирге аны изилдөө иштерине кызыккан окумуштуулардын саны өсүп жатканын айтып, мындай кадам менен эпосту даңазалоо иштерине салым кошуп жаткан бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын алкагында англис тилинде манас айтылып, коомчулуктун кызыгуусун арттырды.