Март айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жарлыкка кол койгон, ага ылайык, жергиликтүү соттордун аракеттеги судьялары масштабдуу түрдө ротацияланган. Мындай чечим Жогорку соттун сунушу менен кызыкчылыктардын кагылышын, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана сот адилеттигин камсыздоо максатында соттук-укуктук реформанын алкагында жергиликтүү соттордун судьяларынын ишин терең анализдөөнүн жыйынтыгында кабыл алынган.

Негизинен ротация район, облус жана шаар дэңгээлинде судьяларды Кыргызстандын түндүк облустарынан түштүк облустарына, кайра тескерисинче түштүк облустардан түндүк облустарга которууга тиешелүү болгон.

КР Жогорку сотунун кадр жана мамлекеттик жарандык кызматынын бөлүм башчысы Аида Манжиеванын айтымында, бүгүнкү күндө судьяларды ротациялоо өзүнүн жемишин берип жатат, жок дегенде судьялардын тажрыйбасы жогорулоодо.

“Маселен, каралып жаткан иштердин категориялары бардык аймактарда бирдей эмес. Эгерде мурда облустук судья негизинен жер талаш-тартыштарын караса, Бишкек шаарына келишим менен бүтүмдөрдүн жараксыздыгына, мурастык мүлктү бөлүштүрүүгө жана башкага байланышкан татаал категориялардагы талаштарды көбүрөөк карай баштайт. Судьяларды которуу менен КРнын “Кыргыз Республикасынын судьяларынын макамы жөнүндө” контитуциялык мыйзамынын талаптары дагы аткарылып жатат деп эсептейм”, — деди Манжиева.

Белгилей кетсек, республика боюнча 312 судья ротацияланган. Эксперт бул норманы ишке ашыруу максатында КР Жогорку сотунун төрагасынын буйругу менен “Кыргыз Республикасынын судьяларын которуу (ротациялоо) тартиби жөнүндө” жобо бекитилгендигин баса белгиледи.