-Саламатсыңарбы кыздар, келдиңерби баарыңар, бүгүн  жаңы күүнү үйрөнөбүз… баштай берелиби сабакты?

— Эже Жанара жолдо келе жатыптыр…

— Жанара акыркы күндөрү көп кечиге турган болду ээ кыздар? Ага эмне болду экен силерге айткан жокпу? – деп кыздарга суроо салдым.

-Жоок эже айтпады, акыркы кезде башкача болуп жүрөт ошо — деп калды бир окуучум.

Аңгыча эшик кыйч ачылып Жанара кирди.

-Кел Жанара отура гой, биз бүгүн жаңы күүнү үйрөнөбүз.

Ошентип сабак башталды, ар бир окуучунун комуз  черткен колдорун карап, жаңы күүнү кылдат үйрөтүп жаткан менен көңүлүмдүн баары Жанарада болду. Маанайы суз, мурункудай жайдары эмес. Сабак бүткөн соң Жанаранын калуусун өтүндүм. Окуучу кыздар баары сыртка чыгып, класста экөөбүз калдык. Акырын жанына басып барып, чачынан сылап абалын сурадым.

-Сага эмне болду Жанара бир жериң ооруп турабы? Акыркы күндөрү сабакка кечигип келчү болдуң, сенде баары жакшыбы? — деп сурадым.

Мени жалооруй караган Жанарынын көздөрүнө  жаш толуп чыкты.

-Эже билесизби… мен акыркы күндөрү көп ойлонуп, көп нерсеге көңүлүм жок. Бир гана комузга сиздин сабагыңызга келип жатам, мектепке деле баргым келбейт — деп калды.

— Эмнеге?…

— Эже сизге айтайынчы, ичимдеги букту ким менен бөлүшүп кимге айтаар адамды билбей кыйналып кеттим. Билесиз го менин атам менен апам ажырашып кетишкен, үйдө иним экөөбүздү апам жалгыз багып чоңойтуп жаткан. Апам жакында бир байке менен таанышып, экөөсү баш кошту. Анын эки кызы бар, бирөөсү 9-класста экинчиси 6-кластта окушат экен.  Бир айдай болуп калды ошол байкенин үйүнө көчүп барганбыз. Барган күндөн тартып кыздары бизди жактырбай, бир үйгө батышпай күндө уруш, ызы чуу. Инимди кагып-силкип, “чуркаба, баспа, бул жерге отурба” деп катуу айтып, мени жөөлөп өтүп, сөөкө жеткен сөздөрдү айтышат. “Сенин апаң шуркуя, жакшы жашап жаткан апам менен атамды ажыраштырды, эмнеге биздин үйгө келдиңер” деп урушат. Апама айтсам унчукпайт, “убакыт өтсө көнүп кетесиңер” дейт. Бирок, көнүүгө такыр мүмкүн болбой жатат. Апам кандай максат менен ал байкеге турмушка чыкты такыр түшүнбөйм – деп ыйлап жиберди.

Мунун баарын уккан соң, кыздын көңүлүн кантип жубатаарды билбей, терең үшкүрдүм.

-Жанара… сен  чоң кыз болуп калдың,  балким  апаң артында жөлөк болчу кишини издегендир. Балким кыйналган чыгар, бул тагдыр да биз ойлобогон күтпөгөн белектерди даярдап турат. А тиги кыздар атасын силерден кызганып жаткан турбайбы? – деген болдум.

Бирок, тээ жүрөгүмдүн түпкүрүндө Жанараны аяп турдум. Чоң эле адамдар кээде ушунтип жеке кызыкчылыктарды баарынан өйдө коебуз. Экинчиден Жанаранын апасын да аяп кеттим, балким жалгыз эки баланы  багуу кыйын болгон чыгар. Айтор турмушта түйүнү чечилбеген жагдайлар көп. Бир эле кишини  “күнөөлүү” деп айтуу кыйын. Өкүнүчтүүсү көчөт кыздын көңүлү сынып, чоңдор кетирген ката үчүн көөдөнүн тосуп, запкы тартып жатканы.

Жазгүл Баяналиева

 Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.