Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу ички иштер органдарынын алдына коюлган тапшырмалардын бири. Бүгүн биз Баткен облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн улук нөөмөтчүсү, милициянын кенже лейтенанты Кутпидин Пазылов менен маекшешүүнү чечтик. Ал 2010-жылдан тарта ички иштер органдарында, 2014-жылдан баштап жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө кызматын өтөп жатат.

— Кутпидин мырза, Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө кызмат өтөө канчалык татаал да, ошол эле учурда кызыктуу да?

— Сөздү ачык айтайын, жарандык турмушта болобу, укук коргоо органдарында болобу же кандай гана башка чөйрөдө алектенбейли кыйынчылыктар болот. Биздин кызматта эң негизгиси жарандарды жол кыймылынын эрежесин сактоого үйрөтүү. Жол кырсыктарынын болуусу жол эрежелеринин одоно бузулушунан экендиги баарыбызга белгилүү: ылдамдык, ашып өтүү, карама-каршы тилкеге чыгуу, аралыкты сактабагандык, жөө адамдар өтүүчү жайлардан туура эмес өтүү, спирт ичимдигин жана баңгизаттарды колдонуп алып унаа башкаруу. Андан башка дагы жол кырсыктарынын себептерин санап отурсак көп. Ошол эле учурда бир эле айдоочулар эмес, жөө жүргүнчүлөр жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын күнөөсү дагы жок эмес. Жыл өткөн сайын Баткен облусунун жолдорунда унаалар көбөйүп, кыймыл кыйындап, кооптуу болуп баратат. Учурда Баткен облусунун жашоочуларынын көбүндө жеке унаасы бар экенин белгилей кетүү керек. Жол кыймылынын эрежесин кичине эле бузуу да кырсыкка алып келет. Муну эске алып, сак болуу ар бир жол кыймылынын катышуучусунун милдети экенин жарандарыбызга айтып турабыз. Башка бирөөнүн ден соолугуна жана өмүрүнө терс таасирин тийгизип албоону, унаа башкарууда, жолдо жүрүүдө дагы Жол кыймылынын эрежелерин так сактап, жоопкерчиликтүү болууга үндөп келүүдөбүз. Анткени “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дегендей, бир шалаакылык мамиленин айынан башка бирөөнүн өмүрүн кыйып же аны майып кылып алуу толук мүмкүн.

— Жол кырсыктарын алдын алуу үчүн эмне кылса болот деп ойлойсуз?

— Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин эле күчү аркылуу жол кырсыктары менен күрөшсө болот деп ойлогон айрым жарандарыбыздын пикири — бул жаңылыштык. Жол кырсыктарына каршы күрөшүү жалпы коомчулуктун жана ар бир жол кыймылынын катышуучусунун милдети экенин эстен чыгарбасак. Бала бакчанын тарбиялалануучуларына, мектеп окуучуларына түшүндүрүү сабактарын көбүрөөк өткөрүшүбүз керек, өзүн кандай алып жүрүү керек экенин жаштайынан түшүндүрүү жана тарбиялоо кийин эч кандай көйгөйлөр жаралбашы үчүн шарт түзөт. Ошондой эле, жарандарыбыз дагы жолдо жүрүүдө, айдоочуларыбыз унаа башкарууда кайдыгерликти жоюп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого өтүшсө, Интернет мейкиндигинде тарап жаткан каргашалуу жол кырсыктары болмок эмес. Анткени, жарандарыбыз көп учурда Жол кыймылынын эрежелерине кайдигер мамиле кылышкандыктан, бузуулардын кесепеттери адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурууда. Тилекке каршы бул чындык. Үй-бүлөдөн баштап жол кыймылынын эрежелерин сактоого үйрөнүшсө, чоңдорубуз келечек ээлери болгон жаш муундарыбызга оң жагынан үлгү болушса көп көйгөйлөрдү алдын алып коюга мүмкүн болмок.

— Мунун баары айдоочуларга тиешелүү. Ал эми жөө жүргүнчүлөрдүн кайсынысы көбүнчө эреже бузат: чоңдор же балдар?

— Жол кыймылынын эрежелерин көбүнчө чоңдор же балдар бузушат деп, бир багытты алып, ошону менен иштөө туура эмес. Балдар мектепке, ийримдерге, чоңдор жумушка, соодага, кээде жөн гана үйгө шашышат. Кээде балдар туура эмес жерден жолду кесип өтүшөт, анткени жете турган жерине жакыныраак багытты тандашат. Бул учурда алар Жол кыймылынын эрежелерин бузуп, жол кырсыктарына дуушар болуп калууларын түшүнүшпөйт. Буга чоңдор күнөөлүү, алар жүрүм-туруму менен үлгү болуп, балдарга туура багыт берүүнүн, таалим-тарбия жүргүзүүнүн ордуна, өздөрү да балдарын ээрчитип, өтмөктөн өтпөй, өзүнө ыңгайлуулугун карап, жолду кесип өтүшөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер өздөрүнө бекитилген мектептерде окуучуларга жол кыймылынын эрежелерин маал-маалы менен үйрөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат. Чоң жолдорго жакын мектептердин жанында кызматын да өтөшөт.

— Ишиңизге канча убакыт кетет? Үй-бүлөнүз жөнүндө айта кетсеңиз.

— Элибиз үчүн кызмат өтөөнү көздөп, антыбызды берип келгенден кийин, кандай гана учур болбосун, кандай гана оорчулуктарга туш келбейли, тоодой тоскоолдуктарды дагы жеңип, кызматыбызды өтөй бергенге даярбыз. Үй-бүлөм жөнүндө айта турган болсом, жубайым, төрт балам бар. Алар дагы көңүл бурууну, убакытты чогуу өткөрүүнү талап кылышат. Бирок иштеген ишимди туура түшүнүшкөндүктөн, ар тараптан колдоп турушат. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, мен өз ишимди сүйөм, барктайм, болбосо мен бул жерде иштебейт элем. Пландарым көп. Алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратып, элим үчүн кызматымды уланта берсем дейм.

— Акыркы сурооону узатсам. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлери кандай сапаттарга ээ болушу керек?

-Ички иштер органдарынын кызматкерлери форма кийип, пагон тагынып, элибиз үчүн кызмат кылсак деген тилегибиз менен келебиз. Биз дагы элибиздин жолдогу коопсуздугун камсыздап, алардын батасын алып, ыраазычылыгын алган учурда ишибизге болгон шыктануубуз жогорулап, маанайыбыз көтөрүлгөн учурлар дагы болду. Ошон үчүн биз дагы ишибизде жоопкерчиликти, чечкиндүүлүктү жана абийирдүүлүктү көрсөтүшүбүз керек.

Маегиңиз үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

ИИМдин Басма сөз кызматы