Кечээ Ош шаарында “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында Тилеке-Баатыр көчөсүндөгү биринчи көп кабаттуу үйдүн курулушун баштоо үчүн капсула салуу аземи өттү.

Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев белгилегендей, бул долбоор мэрия тарабынан шаар калкынын жашоо шартын жакшыртуу максатында башталган.
“Бүгүнкү күн шаарыбыздын тарыхында калат. Ош шаарынын мэриясы эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу үлүштүк курулуш программасын ишке киргизип, анын алкагында биринчи жолу үлүштүк куруу шартында көп кабаттуу үйлөр курулууда», — деди ал.
Белгиленгендей, Ош шаарынын мэриясы тарабынан жалпы аянты 0,56 га болгон 2 жер тилкеси бөлүнүп, анда жалпысынан 206 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды.
Долбоордук документация боюнча турак жай 12 кабат жана 100 батирлүү болот. Турак жайдын 1-2-кабаттары коммерциялык, ал эми жер төлөсү унаа токтотууга ылайыкташкан.
Мындан тышкары, турак жайдын алдындагы 5 миң 400 чарчы метр сервитут жери көрктөндүрүлүп, асфальт төшөлүп, унаа токтотуучу жана эс алуучу жайларга даярдалат.