«Биздин инженерлер колдонуучулар үчүн орточо кубаттуулуктагы (100 киловатт) шамал генераторун чыгарышты. Шамал генераторунун негизги жабдыктары Кыргызстанда жасалган. Ал эми айнек кебезден болгон курама бөлүгү чет өлкөдөн алынып келинген». Мындай пикирин Шамал жана Күн электростанциялар бирикмесинин жетекчиси Кундуз Кырбашева Фейсбук баракчасына жазды.

Кырбашеванын айтымында, шамал генератору 24 метр бийиктикке орнотулуп, 100 киловатт/саат электр энергиясын өндүрөт.

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, шамалдын чоң потенциалы бар. Бирок шамал генераторун орнотуунун эске алуучу жагдайлары бар.

Жергиликтүү рельефти жана шамал потенциалынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өлкөдөгү инженерлер тобу алыскы аймактар үчүн кубаттуулугу 500 киловаттка чейин болгон шамал генераторлорун чыгарууну башташкан. Алар чек арага жакын аймактарга жана ири өндүрүш ишканаларынын зоналарына орнотулат.

Кыргызстанда жеке сектор соңку жылдары чакан ГЭСтерди куруу, күндөн, шамалдан энергия алуу жолдорун изилдеп, буга чейин Ысык-Көл аймагында күндөн энергия алуучу панелдер да тесттик режимде орнотулган.