Кечээ жакында Бишкек шаарындагы № 61 мектеп гимназиясынын директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип кармалган эле.

Атайын кызматтын иликтөөсүнө таянсак,  Юрий Низовскийдин 150 миллион сомдук кыймылсыз мүлкү, үйүндө пачкалаган акча, доллар, ок атуучу куралдар, коттедж, квартира, чоң үйлөр, жерлердин документтери табылганын фактылар менен маалымдалган.

Ага удаа эле Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын Юрий Низовскийди башкалардан өзгөчө коргогону, тиешелүү органдын Юрий Низовскийге иликтөө иштерине чейин аралашканы тууралуу маалыматтар тарады.

Көрсө, Атыр Абдрахматованын эки  баласы аталган № 61 мектепте окуйт экен. Балдары үчүн жанын үрөп, кызматтык абалынан пайдаланып, коррупцияга шектелген директорду  өзгөчө күнү-түнү коргоп  жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу ошол мектепте балдары окуган ата-энелер да кабарлады.

Учурда Кыргызстанда көп эле адамдардын укугу тебеленип, Акыйкатчынын эшигин тытып жатышат. Айрымдары Акыйкатчыга деле барышпайт. Мисалы, жакында эле  коомчулукка ызы чуу жараткан “Алтын Казына” ресторанындагы өспүрүм кыздын зордукталышы тууралуу Акыйкатчы үн катканын уккан жокпуз.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өзүнүн жеке кызыкчылыгы  болгон жерде күнү түну жүрөт да башка жакта зордуктоо, кордоо тууралуу маселелерге карабайт экен.

Мындай  коомчулукка иш алып барууда өзүнүн жеке кызыкчылыгын башкалардан жогору койгон Акыйкатчы Атыр  Абдрахматова кызматына татыксыз!  Жеке кызыкчылык эмес, элдин, коомчулуктун кызыкчылыгы жогору турушу керек эле.

Садырбек Калдарбаев.