Борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Бишкекте өткөн брифингде белгилегендей, ата-энелерди мектеп фонддоруна акча чогултууга мажбурлоого эч кимдин укугу жок.

“Мектептердеги ата-энелер фонддору мыйзамдуу иш алып барууда, бул жерде бузуулар жок. Фонддордун расмий түрдө каттоо эмне үчүн керек? Бул каражатты мектептин өзүнүн иши менен байланыштыруу, эсепке алуу жана мектеп администрациясын тартуу үчүн зарыл. Бирок, эсиңиздерге сала кетейин, эч ким ата-энелерди фонддорго акча берүүгө мажбурлоого укугу жок, өзгөчө мугалимдер менен директорлор”,- деди Мозгачева.

Вице-мэр бардыгы ыктыярдуу негизде гана болушу керектигин кошумчалады.