12-августта Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу  жана күзөтүү департаментинин борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралу ЖАКтын Басма сөз кызматынан билдирди.

Кеңири масштабдагы иш-чарага КР ЖАКнын жана Юстиция министрлигинин жетекчилиги, Жаза аткаруу тутумунун ардагерлери, Жаза аткаруу тармагынын кызматкерлери, ЖАКнын аскер кызматкерлери, ошондой эле

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, укук коргоо органдарындагы кесиптештер, Коопсуздук Кеңешинен чакырылган коноктор катышты.

Парад аянтчасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев  куттуктоо сөзүн сүйлөдү.  Ал атайын контингент менен иштөө кандай татаал миссия экенин белгилеп, өлкө бийлиги жүргүзүлүп жаткан реформаларда жана күнүмдүк иш-чараларда ЖАКга ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Мунун айкын далили катары ЖАКга абдан зарыл болгон беш машинаны тартуулоо болду (дагы эки унаа жолдо турат жана жакында келет).  Генерал-лейтенант КамАЗдын базасында бир эле учурда  36га чейин адамды ташууга мүмкүн болгон жапжаңы унаанын  ачкычын тапшырды.  Ошондой эле, ЖАКнын кызматкерлери үчүн алыскы аймактарга жана жолсуз жерлерде зарыл болгон өтө өтүүчү кузовду  ыңгайлуу автобус (мурунку автобус 1981-жылы чыгарылган, эбак эскирген), жылуулук изоляциясы бар фургонду алды, тамак-аш (анын ичинде атайын мекемелерге) ташуу үчүн жана «Лада-Нива Трэвел» маркасындагы оперативдүү патрулдук унаалар алынды.

«Келечек» мамлекеттик ишканасынын жана жатак абактардан өндүрүлгөн  продукцияларынын үлгүлөрү баарынын кызыгуусун жаратты.  Коноктор ЖАКнын мекемелеринде кандай мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар бар экенин билип  абдан таң калышты.  Соттолгондор   тарабынан жасалган кирпич жана пескоблок, брусчатка жана плитка, самын жана сувенирлер, жада калса Эгоза тикенек зымдары тартууланды.  Ошондой эле макарон жана талкан, нан жана жумуртка, тандалган эт жана тоо балы, пияз жана картошка, кызылча жана капуста да көргөзүлдү.  Мындан тышкары аскер кызматкерлери үчүн форма, жарандык кийим, бут кийим да коюлду.

Мындан тышкары, бүгүнкү программанын катышуучулары колонналардын салтанаттуу өтүшүн, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ведомстволук жана өкмөттүк сыйлыктардын ыйгарылышын, «Омега» атайын багыттагы отрядынын жоокерлеринин өз өнөрлөрүн көрсөтүүсүн,  клуб, жана ДОКтун аймагындагы музей, ошондой эле ЖАКгын окуу борбору менен таанышышты.

– Биздин Кызмат узак, татаал жолду басып өттү.  Ал эми мамлекетибиздин жетекчилиги тарабынан ушундай салмактуу жана ар тараптуу колдоону сезип, коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча алдыга коюлган милдеттерди татыктуу аткарарыбызга ишенем, – дейт ЖАКнын төрагасы аскер генерал-майору Аскат Эгембердиев.