Ар жылы август айынын экинчи жекшембиси Кыргыз Республикасында Куруучулар күнү деп майрамдалып турат. Бул күнү жалпы республикада Куруучуларга арналган иш-чаралар өтүп, сыйлыктар тапшырылып, эмгектер бааланып, мааракелик маанайда майрам уланат.

Албетте, куруучулар ар бир тармакта бар. Анткени, ар бир министрлик же агенттик, департамент дегендерде өздөрүнө тиешелүү адистештирилген курулуш башкармалыктары же бөлүмдөрү иш алып барат. Эсеби маселен, Ички иштер тармагына таандык имараттарды кез келген эле курулуш компаниялары куруп, оӊдоо-түзөө иштерин жүргүзө албайт. Өзүнүн жол-жобосуна ылайыктап, алыскы аймактардан тарта борбор калаа Бишкекте ИИМге тиешелүү имараттарды куруу, оӊдоо-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн ИИМдин атайын курулуш монтаждоо башкармалыгы бар.
Купуялуулук, атайын эрежелер, өзгөчө талаптар менен курула турган ИИМдин имараттарын аталган тармактын атайын Курулуш монтаждоо башкармалыгы жүргүзсө, аны текшерип кабыл алууда ИИМдин курулуп жаткан ишканаларынын бириктирилген дирекциясы иш алып барат. Ток этээрин айтканда жоопкерчилик так ушул дирекциянын мойнунда. Аталган дирекциясынын башчысы Барпиев Кеӊешбек Миӊбаевич өзү жетектеген кызматтын жоопкерчилиги жөнүндө кеп салып өттү.


— ИИМде курулуп жаткан имараттарды жарайт же жарабайт деп айткан сиздердин орган. Азыркы ИИМде курулуп жаткан жана оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп жаткан имараттар заман талабына канчалык деңгээлде жооп берет?
-Ырас айттыӊыз, биздин дирекция ИИМдин курулуш иштерин көзөмөлдөгөн орган. Долбоордун даярдалышын, алардын талаптагыдай аткарылышын жеринен барып көзөмөлдөп, этап-этабы менен өткөрүп алабыз. Мисалы, адегенде долбоорду бекитип, жер кыртышын аныктап, андан соӊ ал жерге котлован казылгандан кийин жеринде барып текшерип, долбоордогу талапка жооп бергендей салынабы деп текшерип, качан гана талапка жооп берсе, фундамент куюууга, анан курууга уруксаат беребиз. “Бүткөн ишке сынчы көп” — дегендей даяр имаратты барып текшербейбиз. Андыктан, бүткөн имараттар толугу менен талапка жооп берет деп ишенимдүү айта алам.

— Сиз жетектеген бөлүмдө иштеген кызматкерлер бүгүнкү күндөгү иштеген кызматтык талапка жооп береби, негизи эле кандай талаптар менен кабыл аласыздар?
— Биздин бириккен курулуш дерекциясында өз ишинин адистерин кабыл алабыз. Алар инженер-куруучу, инженер-сантехник, архитектор болуп иштеген, иш тажрыйбасы бар адистер. Эскиздик долбоор, ондоп-түзөө иштерине документтерштирүү болгондо өзүбүз жасайбыз. Мамлекеттик курулуш агенттигинде атайын сертификат берген бөлүм бар. Баштапкы эскиздик схемаларын чийип, оңдоп түзөө иштеринин негизги документин бекитип (деффектный акт), андан кийин ага смета түзүп, анан иш жүргүзөбүз.

— Алдыда “куруучулар күнү” белгиленгени турат. Кесиптештериӊизге каалоо айтаарсыз?..
-“Куруучулар күнү”-деп атайын мамлекеттик деӊгээлде көӊүл бурулуп, майрам катары белгиленип аткандын өзү жакшы. Бул күн жалпы республика боюнча курулушчулар үчүн майрам болгондуктан биздин министрликтен да ар убак көӊүл бурулат. Ал эми кесиптештериме, куруучуларга бул майрам мөмөлүү, ийгиликтүү майрам болсун демекчимин. Аныгында Жараткан өзү куруучу болгон эмеспи. Ааламды, адамзатты курган. Андыктан Кудайдын кудурети менен куруучулук кесипти аркалап, аны менен алектенип жаткандардын баардыгына бакыт, ырыскы тилейм. Өлкөбүз өнүксүн, ага ар бирибиз кол кабыш кыла берели.

Куттук-сөз!
Тулаган Телянов, башкы инженер:
— Урматтуу курулуш кесибинин ээлери, сиздерди кесиптик майрамыңар менен чын көңүлдөн куттуктайм! Өз кесибинин адиси катары, ар күнү талыкпас эмгек менен арыштаган жолуңар алгылыктуу болушуна тилектешмин. Биргеликте курган ар бир имаратыбыз өлкөбүздүн өсүп өнүшүнө, жарандарыбыздын тынч жашоосунда, кызматкерлерибиздин ыңгайлуу жашоо-шартына өбөлгө болсун. Ак эмгек, арыбас мээнет менен өз ишиңерге чын дилден ак ниет иштеп, ишиңердин ийгилигин көрүңүздөр! Элибизге, кызматкерлерибизге эмгегибиз сиңип, курулган ар бир имаратыбыз кылымдап кызмат кылып, эмгегибизди актасын!

Жаркын Шайлообек кызы, башкы бухгалтер:
-Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ар убак ишиңиздерге ийгилик каалайм. Биз беш-он жылдап курган имаратыбыз, жарандарыбызга кылымдап кызмат кылсын. Ар бир курган имараттын ичи бакытка, кубанычка, ийгиликке толсун! Ишиңердин ийгилиин көрүп, үй бүлөңуздөр менен, калдайган калың журтуңуздар менен аман болуңуздар! Маңдай тер, кара күч, терең акыл менен биргелешип курган ар бир имарат ийгиликтин, сүйүүнүн, кубанычтын ордосуна айлансын. Баарыңыздардын ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө бейкуттук жана ден соолук каалайм!
Автор: Кубаныч Заинидинов