Ош шаарынын мэриясында “Социалдык келишим” долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын директору Чолпонкул Мадыяров, социалдык органдардын жана ведомстволордун жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Эми Ош шаарынын 16 жашка чейинки жашы жете элек балдары үчүн “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган 50 аялуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жеке бизнесин ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал үчүн ссуда катарында ар бир үй-бүлөгө 100 миң сом социалдык жардам берүү каралган.

Долбоор 3 жылга эсептелген, бул мезгилде насыя алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин ачып, жөлөк пулга муктаж үй-бүлөлөр категориясынан чыгышы керек.

Бул долбоор боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Ош шаардык эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгына кайрылсаңыздар болот. Сурап ​​билүү телефондору: 7-30-96, 7-02-47.