“Чыгышэлектр” ААК кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКнын филиалы болуп «Ысык-Көл электр тармактар ишканасы» түзүлдү.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 12-августта «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу Алмасбек Жумакадыров Ысык-Көл электр тармактарынын жамаатына ишкананын жаңы жетекчилигин тааныштырды.

Директорлор кеңешинин протоколунун жана «КУЭТ» ААКнын буйругунун негизинде Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жетектөөчү кызмат ордуларына төмөндөгүлөр дайындалды:

1. Паизов Азамат Мамазакирович — директор

2. Айкымбаев Темир Абдылдаевич — башкы инженер

3. Жороев Нурсултан Назарбекович — электр энергиясын сатуу боюнча директордун орун басары

4. Тынаев Айдарбек Асанович — директордун капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча орун басары

5. Шадыканов Болотбек Искендербекович — башкы инженердин орун басары.