Кыргызстандын эң алыскы аймактарынын бири болуп эсептелген Зардалы айылына (Баткен облусу) интернет жеткирилди. Бул тууралуу Кыргыз интернет коомунан кабарлашты.

UNICEF уюмунун долбоорунун алкагында Кыргыз интернет коому алгач Зардалыда күн панелин орнотуп, ал айылдын чакан мектебин электр жарыгы менен да камсыз кылууда. Мунун аркасы менен аймак интернетке туташтырылды.

«Бул окуучулардын райондук же шаардык мектептер менен байланышта болуп сапаттуу, заманбап билим алуусуна өбөлгө түзөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы 2 080 мектептин 2 061и интернетке кошулган.

«Расмий түрдө мектептердин бир пайызы гана интернетсиз отурат деп эсептелет. Ушул бир пайызга кирген мектептердин көбү Зардалы сыяктуу жетүүгө оңой болбогон аймактарда, тагыраагы, Кызыл-Ой жана Эңилчек сыяктуу алыскы жана тоолуу айылдарда жайгашкан», — деп жазылган кабарда.

Зардалы — Кыргызстандын эң алыскы, Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Айылдын кышы абдан катаал. Башка айылдар менен туташтырган жалгыз жолду жыл сайын бир нече ирет сел алат. Мындайда Зардалынын тургундары байланышсыз калат.