Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ. Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.

Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болот.

Бул жылы Билим берүү жана илим министрлиги башка министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте мектеп окуучулардын бирдиктүү формасы жөнүндө чечим кабыл алат.

Шилтеме: