Ноокатта 16 жаштагы кыз төрөп, милиция иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, Ноокат РИИБге ооруканадан аларга бала төрөгөн 16 жаштагы келин түшкөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя боюнча иликтөө иштери башталып, прокуратура бул ишти көзөмөлгө алгандыгы айтылды.

Алдын ала маалымат боюнча, кыз кош бойлуу учурунда аны зордуктаган жигит «ичиңдеги бала менден эмес» деп кылмышын мойнуна алган эмес. Ымыркай төрөлгөндөн кийин ДНК анализ жасалып, аталган жигит баланын атасы экени аныкталган. Шектүү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берип жатат.