Улуттук энергохолдинг энергетика секторунун башкаруу түзүмүн өзгөртүү ишин аягына чыгарды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, реструктуризациялоо процесси энергетика ишканаларындагы өндүрүштүк жана башкаруу процесстерин автоматташтыруу, чыгымдарды оптимизациялоо жана бири-бирин кайталоочу кызматтарды кыскартууга багытталган.

Реформага ылайык, ишканаларды бириктирүүнүн натыйжасында 1 миллиард сомдук акча каражаты үнөмдөлүүсү күтүлүүдө. Бул каражат жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, ГЭСтерди модернизациялоого жана карыздарды төлөөгө жумашалат.

Мында энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компаниялар «Кыргызстан Улуттук электр тармагы» (КУЭТ) акционердик коому менен бириктирилип, абоненттерди тейлөө боюнча бир мекеме түзүлдү.

“КУЭТ” мекемеси облустарда төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөр аркылуу иш жүргүзөт:

Чүй электр тармактар ишканасы;

Ош электр тармактар ишканасы;

Талас электр тармактар ишканасы;

Жалалабат электр тармактар ишканасы;

Ыссык-Көл электр тармактар ишканасы;

Нарын электр тармактар ишканасы;

Баткен электр тармактар ишканасы.

Эскерте кетсек, бөлүштүрүүчү компаниялары менен бирге облустарда жогорку чыңалуудагы ишканалар ишин алып келген. Эми болсо алар бир түзүмдүк бөлүм болуп бириктирилди.

«Бишкекжылуулуктармактары» акционердик коому «Электр станциялары» ААКы менен бириктирилди.