Баткен районунун Кыштут айылында чакан ГЭС ишке кирди. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган иш чаранын ачылышына Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Возможно, это изображение 8 человек, люди стоят и на открытом воздухе

«Облус башчысынын орун басары Кыштут айылындагы чакан ГЭСтин ишмердүүлүгү менен таанышып, элеттиктерди  ГЭСтин ишке кириши менен Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин атынан куттуктады», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле облусубуздун экономика тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп, жеке өзүнүн аракети менен бүгүнкү кичи ГЭСти ишке киргизип жаткан жеке ишкерге ыраазычылык билдирди.

Возможно, это изображение 5 человек и люди стоят

Белгилей кетсек, Баткен районунун Кыштут айылындагы Кыштут дарыясына кубаттуулугу 10МВТ болгон сметалык баасы 7,0 млн АКШ долларын  түзгөн, ГЭСтин курулушу 2021-жылы жеке ишкер А.Калпаев тарабынан башталган.

ГЭСти  5 каскад менен куруу жагы пландаштырылып, учурда  1-каскадтын 100% жумушу аткарылды. Тактап айтканда  2 даана бассейн,  700м аралыктагы канал курулуп, 5 км аралыкка электр мамычалары орнотулуп, электр чубалгылары тартылган. Биринчи каскаддын курулушуна  800,0 миң АКШ доллары жумшалган.

Нет описания фото.

ГЭСти ишке киргизүү менен Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ, Кыштут, Чарбак, Согмент жана Таян айылдарын электр энергиясы менен камсыздалуусу күтүлүүдө.

Возможно, это изображение 2 человека и гора