2022-жылдын жети айынын жыйынтыгында Кыргызстандын ИДПсынын өсүү темпи 107,7 пайыз болуп, анын көлөмү 425 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Чолпон-Атада өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири курамдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү январь-июнь аралыгында 5 млрд долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 25,4 пайызга өстү.

“Ал эми биримдиктеги өз ара сооданын өсүшү 34 пайыздык көрсөткүчтө болду. Экспорт 69 пайыз, импорт 23 пайызга жогорулады”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, 25-26-август аралыгында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.

ЕӨАКтин отурумуна КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.

Ошондой эле отурумга байкоочу катары Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, ардактуу мейман катары Азербайжандын премьер-министри Али Асадов катышып жатат.

Жыйындын күн тартибинде интеграциялык бирикме үчүн жалпы газ рыногун түзүү, өнөр жай кооперациясын каржылоо, алкоголдук рынокту жөнгө салуу, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү маселелери бар.