25-августта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагына реабилитациядан кийин 3 шумкар тукумундагы жырткыч сапсан кушту жаратылышка кое беришти.

Вежомстводон билдиргендей, 2018-жылы өлүү алдында турган канаттуулар Жаратылыш ресурстары министрлигинин инспекторлору тарабынан браконьерлерден конфискацияланган.

«Андан ары министрликтин кызматкерлери куштарды сот иштери аяктаганга чейин реабилитациялоо жана убактылуу кармоо үчүн «Мурас» мүнүшкөрчүлүк борборуна өткөрүп беришкен», — деп айтылат.

Белгиленгендей, «Мурас» кыргыз мүнүшкөрлөр борборунда тумшуктары жабыркап, буттары сынып, алдан тайган канаттуулардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн ветеринарлар бир топ иштерди жүргүзүшкөн.

Маалымат катары: КР өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 токтомуна ылайык, мыйзамсыз 1 сапсанга аңчылык кылуу (атуу, кармоо) үчүн айып төлөм 250 миң сом түзөт. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймактарында жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылуу (атуу, кармоо) фактылары аныкталган учурда айыптын өлчөмү эки эсеге көбөйөрүн белгилейбиз.

Сапсан – шумкар тукумунан өтө сейрек уя салуучу келгин жырткыч куш. Шумкар эң ылдам куш болуп эсептелет. Эксперттердин айтымында, тез сүңгүп учууда ал 322 км/саат же 90 м/сек ылдамдыкка жете алат. Арткы манжалардын тырмактары менен сокку ушунчалык күчтүү болгондуктан, бир топ чоң айбанаттардын башы денесинен адырап кетиши мүмкүн.