Ош облусундагы Ленин чокусунда эки альпинист сууктан каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, 28-августта милицияга Ленин чокусунун деңиз деңгээлинен 6 миң 100 метр бийиктикте Россиянын 38 жаштагы В.Г. жана Ысык-Көлдүн 41 жаштагы Ш.В. аттуу жарандары каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алар сууктан каза болгон. Учурда ыкчам тергөө тобу сөөктөрдү Ленин чокусунан түшүрүү иштерин жүргүзүп жатат.