2022-жылдын 30-август күнү Баткен ОИИБдин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү талкууланган 8 айдын жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынга Баткен ОИИБнын жетекчилиги, бөлүм башчылар, район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана алардын орун басарлары катышты. Жыйында Баткен облустук ИИОнун 2022-жылдын 8 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана  2022-жылдын 9 айын ийгиликтүү жабуу, Баткен ОИИБдин 2-жарым жылдыгына карата ыкчам кенешменин август айына коюлган маселелерди кароо, жалпы коомдук коопсуздукту камсыздоо, анын ичинде Эгемдүүлүк күнүндө жана сентябрь айында окуу жылынын башталышына карата укук бузууларга бөгөт коюу иштери, ИИМден келген тапшырмаларды толук кандуу кынтыксыз аткаруу боюнча маселелер талкууга алынды.

Баткен облусундагы ИИОнун тармактары боюнча 8 ай аралыгында аткарылган иштердин баяндамалары уктурулуп, талкууланды. Коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоодо милиция кызматкерлери бир топ иш-чараларды өткөрүп, эл менен тыгыз иштөөдө учурдун талабы болгон сервисттик тейлөөлөр ишке ашууда.  Облус аймагында кылмыш жасап издөөдө жүргөн кылмышкерлер, дайынсыз жоголгондор жана өздүгү аныкталбаган өлүктөр боюнча аткарып жаткан ишмердүүлүктүн абалы талкууланып, район-шаардык ички иштер бөлүмүнө башкармалык тарабынан усулдук жардамдар көрсөтүлүүсү белгиленди.

Ошондой эле уурулук, алдамчылык багытында катталган кылмыштар бети ачылган соң, материалдык зыяндар убагында төлөтүлүп, арыз ээсине толук кайтарылышы, бети ачылбай калган кылмыштардын бетинин ачылышы, коомдук тартипти камсыз кылууда профилактикалык иштерди жандандыруу боюнча Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов  бир катар талаптарды койду.

“Өздүк курам арасында тарбия, биримдик, ишеним болмоюнча алдыга умтулууга мүмкүн эмес. Ар бир кызматкер өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так жана туура аткарууга тийиш. Кылмыштуу окуяларга аралашып, ишенимден чыккан кызматкерлерден токтоосуз арылабыз”,-деп Мурат Боронов жетекчилерге бир топ тапшырмаларды берип, өз деңгээлинде жумуш алып бара албаган жетекчилерге кызматтык жазалар берилери эскертилди.

 

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы