Талас облусунун Бакай-Ата районунда 19 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 43 жаштагы айылдашы кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-августта Бакай-Ата районунун ​ Кыргызстан айылынын 2003-жылы туулган У.А.​ аттуу тургуну милицияга ушул жылдын 5-февралында ​Майрамбек аттуу киши түн ичинде үйүнөн колу-бутун кайрып унаага салып, белгисиз тарапка алып барып, унааны бекитип алып зордуктап койгондугун айтып арыз менен кайрылган.

Аталган арыздын негизинде тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Текшерүү учурунда ​арызда көрсөтүлгөн жаран ​ошол эле айылдын​ 1979-жылы туулган С.М. ​аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин ​1-бөлүмүндө (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.