“Кыргыз эли улуттук руху менен күчтүү. Биз – ириде тарыхы бай, эне тили көркөм, деми күчтүү, нарк билги, эркиндикти туу туткан эгемендүү элбиз”, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү боюнча салтанаттуу аземдеги куттуктоо сөзүндө.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Кутман күнүңүздөр менен кымбаттуу кыргызстандыктар!

Алыс-жакында жүрсө дагы жүрөгү Ата Мекен, Ата Журт, Ата Конуш деп соккон урматтуу мекендештер!

Ырыстуу кыргыз калкыбыздын көз карандысыздык майрамына ортоктош болуп жаткан кадырлуу меймандар!

 

Сиздерди ата-бабаларыбыздын кыялы, элибиздин эңсеп жеткен бактысы болгон, эгемендүү Кыргыз мамлекети түзүлгөндүгүн дүйнө жүзүнө жар салган улуттун улуу күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!

Биздин эң башкы байлыгыбыз – эгемен мамлекетибиз, эгемен элибиз. Мындан өткөн байлык да, бакыт да жок!

Биз быйыл эгемендүүлүктүн 31 жылдыгын берекелүү Сары-Өзөн – Чүй өрөөнүндөгү кереметтүү Чуңкурчак жайлоосунда салтанаттуу белгилеп, 31 метрлик туубузду тоо башына көкөлөтүп жатабыз! Кызыл туубуз кылымдарды карыткан тарыхта дагы, азыркы жашап жаткан заманыбызда дагы биримдиктин, ынтымактын тиреги болуп келди.

Кыргызда ар дайым ийгиликке, жеңишке жетишкенде туусун бийик көтөрүп, ага таазим кылып келген. Байрагыбыз бийик желбиреп турса, элибиздин Мекенге болгон сүйүү жана атуулдук сезими артылат. Себеби атуулдук ариетибиз да, ар-намысыбыз да кызыл туубуз менен бир катарда турат.

Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда, бүгүнкүдөй чоң салтанаттын коштоосунда өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибизди ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт.

Албетте, 3000 жылдан ашкан тарыхыбызда 31 жыл бир көз ирмемдей эле мезгил. Узак тарыхыбызда кээде жылдызыбыз жанып, улуу каганат куруп көккө сермелдик.

Кээде эркиндигибизди алдырып, чачырап кете жаздаган, азып-тозгон абалды башыбыздан кечирдик. Айтор, тарыхтын эчендеген сыноолоруна кабылдык.

Ошентсе да карт тарыхта кыргыз менен үзөңгүлөш жашаган далай элдер бүгүн жок, алардын аталыштары гана тарых беттеринде калды.

Эгемендик бактысына ар убак эркиндикти туу тутуп, тынымсыз күрөшүп келген намыстуу эл гана татыктуу!

Көкүрөгүбүзгө сыймык уялап турган ушул күнү Кыргызстандын эркиндигин эңсеп-тилеп, ал үчүн жан аянбай тынымсыз күрөшүп келген ата-бабаларыбыздын эрдигин жана элесин эстен чыгарбайбыз!

Ар дайым эгемендигибизди туу тутуп, эл-жерибиздин көз карандысыздыгы үчүн канын, жанын аябай күрөшкөн Байтик баатыр сыяктуу ата-бабаларыбызды эскерүү, алардын Ата Журтка кылган кызматын кийинки муундарга чып-чыргасын коротпой жеткирүү мойнубуздагы ыйык парзыбыз!

Себеби биздин баатыр ата-бабаларыбыз элдин, мамлекеттин уюткусу катары мамлекеттүүлүктүн, эгемендиктин маани-маңызын аңдап-сезип, тарых агымына баам салып, жети өлчөп, бир кесип отуруп келечек муун үчүн, тагыраак айтканда, мына бүгүнкү күн үчүн кам көрүшкөн.

Дегеле 3 миң жылдан ашуун терең тарыхты бизге калтырып кеткен ата-бабаларыбыздын рухуна дайыма таазим кылабыз!

Уважаемые кыргызстанцы!

Дорогие гости!

На нашей благодатной земле в мире и согласии проживают представители более восьмидесяти национальностей. Самое главное богатство нашего свободолюбивого народа — это наше единство.

Чтя традиции предков, мы должны как зеницу ока беречь дружбу, согласие и взаимопонимание.

Все вместе мы хотим мира и процветания нашему Кыргызстану. Каждый гражданин Кыргызстана вне зависимости от своего этноса или религии обладает равными правами и обязанностями. Единый народ Кыргызстана, мы вместе растим детей, вместе отмечаем праздники и вместе встречаем трудности.

Когда беда приходит к кому то в дом, то нет более дружного и заботливого народа, чем мы. Мы всегда спешим на помощь друг к другу. На каждой улице, в каждой общине, на селе и в городе — все кыргызстанцы живут сегодня в мире и согласии. Каждый из нас должен не только беречь это спокойствие, но и активно укреплять взаимопонимание, дружбу и благоденствие на нашей земле.

Сегодня мы отмечаем наш общий, самый главный праздник — 31 августа. Это не только День нашей независимости, но и праздник дружбы и единства многонационального народа Кыргызстана.

Урматтуу мекендештер!

Биз үчүн мына ушул баа жеткис мурас болгон эгемендүүлүктүн баркына жетүү, ыйык сактоо, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык кубаттуулугун арттыруу, акыркы жылдары башталган чоң-чоң программалык милдеттерди жана реформаларды ырааттуу жүзөгө ашыруу, элибиздин бакубат, бардар жашоосу, күчтүү экономикалык жана социалдык саясат бардык иш-аракеттерибиздин башкы багыты болуп калды.

Бул жааттагы алгылыктуу жана чечкиндүү аракеттерибиздин үзүрү сезилип, көрүнө баштады.

Эми ушул жыл ичинде жүргүзүлүп жаткан иштерибизге, ийгиликтерибизге так сандар жана фактылар менен азыноолак токтоло кетейин.

Жыл башында Кыргызстанда 2022-жыл – Тоо экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланып, “Жашыл мурас” аттуу улуттук өнөктүк башталып, токой бактарын отургузуу иш-аракеттери сындуу олуттуу демилгелер ишке ашырылып жатат.

Бул иш-аракеттердин баары азыркы учурубузда дүйнөлүк көйгөйгө айланган экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо максатында жүргүзүлүп келет.

Мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу, өлкө эгемендүүлүгүн бекемдөө, коопсуздугун камсыз кылуу багытында коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын чыӊдоо, чек арачыларыбызды жаңы талаптарга жооп берген заманбап техникалар менен камсыз кылуу иштерин быйыл да улантып жатабыз.

Атайын багыттагы бөлүктөргө заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, зооттолгон унаалар, учкучсуз учактар, тик учактар алынып жаткандыгына күбө болуудасыздар.

Мындай заманбап техникалардын алынышы менен мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгү жана өзгөчө кырдаалдарга каршы күрөшүү дарамети бир кыйла жогорулап, мамлекетибиздин коопсуздугу камсыз кылынды!

Мамлекетибиздин энергетикалык коопсуздугун бекемдөө боюнча да иштиктүү чаралар көрүлүп жатат. Кыргызстанда эгемендүүлүктү алгандан бери өлкө энергетиктери биринчи жолу өз күчтөрү менен кыска мөөнөттө энергетика жаатында жаңы объектилерди ишке киргизишүүдө.

Ал эми кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон “Камбарата-1” ГЭСинин курулушунун башталышы – өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жасалган чоң кадам. Быйыл чакан ГЭСтерди курууга да өзгөчө көңүл бурулууда.

Бул аракеттер энергетиканын кубаттуулугун гана арттырбастан, аны экспорттоого да шарт түзөт. Келечекте Кыргызстан электроэнергияны импорттоочу өлкөдөн экспорттоочу өлкөгө айланат.

Кудай буюрса, “Камбарата-1” ГЭСинин долбоорун ишке ашырсак, бул иш Кыргызстандын көз карандысыздыгына биздин кошо турган чоң салымыбыз жана ири жетишкендигибиз болот!

Темир жол тармагыбыздын өнүгүшү дагы жаңы багытка бет алып, эгемендүүлүк тарыхыбызда биринчи жолу темир жолдун курулушун өз күчүбүз менен баштадык. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы «Балыкчы – Кочкор — Кара-Кече» темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга киришти.

Өз күчүбүз менен жаңы темир жол куруунун натыйжасында өнөр жай ишканаларын өркүндөтүүгө, экономиканы алдыга жылдырууга шарт түзүү, аймактарыбызды транспорт байланышын арттыруу жана жалпы эле өлкө бүтүндүгүн чыңдоо сыяктуу бир нече милдеттерди чечүүгө жол ачылат.

Жогоруда аталган чоң-чоң иштердин баары мамлекеттин бюджетинен каралып, өзүбүздү өзүбүз камсыздоого багыт алганыбызды баса белгилеп кетким келет.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун курабыз.

Быйыл жалпы аракетибиз менен мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы үчүн бекем туруп, өзүбүздүн позициябызды чечкиндүү түрдө коргоп, республикалык бюджеттин түзүлүшүнө чоң салым кошкон “Кумтөрдү” – улуттук кенчибизди өз энчибизге алдык.

Буга жалпы элибиз маңдайы жарыла кубанды. “Кумтөр” алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды. Буга жетүү оңой-олтоң болгон жок, сүйлөшүүлөр абдан оор жүрдү. Биздин пайдабызга мындан да оң чечимдердин кабыл алынышына кепилдик жок эле, андан сырткары, биз ал арада көптү жоготуп, убакыттан уттурмакпыз.

Ошентсе да мындан жыйырма жыл мурда эле болчу окуя ушинтип быйыл ишке ашты. Бул жалпы кыргызстандыктардын жеңиши!

Бул иш мамлекетибиздин өсүп-өнүгүү жолундагы ири жетишкендиктердин башаты болсун дейли. Мындан ары “Кумтөр” элибизге узак жылдар бою кызмат кылсын!

Ошондой эле биз салык, бажы төлөмдөрүнө көзөмөлдү күчөтүп, өлкө казынасын толтуруу аракеттерибиздин үзүрүн көрө баштадык.

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешеси 122 млрд сомду түздү.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгына салыштырмалуу 49,5 пайызга же 40,4 млрд сомго өстү.

Ошентип жүргүзүлүп жаткан каржылык-экономикалык саясаттын негизинде ушул жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, бюджеттик чөйрөдө, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү, калкты социалдык жактан камсыздоо жана башка чөйрөдө эмгектенген кызматкерлердин айлык маянасын сезилерлик көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Өлкөнүн саясий-экономикалык туруктуулугун камсыз кылууда социалдык тармактагылардын эмгек акыларын көтөрүү жана пенсия, жөлөкпулдардын көлөмүн көбөйтүү аракети абдан маанилүү экенин жакшы билесиздер.

Айрым категориядагы жарандардын социалдык жөлөкпулдарынын өлчөмү жогорулады. Ушуну менен бирге айрым жөлөкпулдардын түрү 2021-жылдын 1-октябрына чейин төлөнгөн жөлөкпулдардын көлөмүнө салыштырмалуу 100дөн 200 пайызга чейин жогорулады.

Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү биринчи жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 45 пайызга өстү.

Быйыл өлкөнүн тышкы саясатында стратегиялык өнөктөштөр жана коңшу мамлекеттер менен өз ара алакаларыбызды турукташтыра алдык. Евразия экономикалык бирлигинин талаптарын толугу менен аткарып, мамлекеттер аралык ишенимди бекемдөөгө жетиштик.

Ушул жылы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине, Евразия өкмөттөр аралык жана Евразия экономикалык кеңештерине ийгиликтүү төрагалык кылууда. Ошентип Кыргызстан тышкы саясатта тынчтыкты жактоочу өлкө экенин, бардык мамлекеттер менен өз ара мамиле түзүүнү жана көп вектордуу саясатты карманарын көрсөтө алды.

Мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу, кесипкөйлүктү арттыруу, кадрдык туруктуулукту камсыз кылуу максатында былтыр жергиликтүү акимдерди ротациялоо жүргүзүлдү.

Кудай буюрса, бул ыкма жакшы натыйжаларды берди, буга көпчүлүк эл ыраазы болушууда. Бул ыкма быйыл сот, прокуратура кызматкерлерине да колдонулду. Билесиздер сотто, прокуратура органдарында акыйкат издегендер үчүн, дегеле, өлкөдөгү сот тутумуна элдин ишенимин кайтаруу максатында бул иш-аракеттин маани-маңызы чоң.

Бул иш-аракеттерибиз дагы өз максатына жетет деп ишенем.

Урматтуу мекендештер!

Элибиз эзелтеден бери эле каада-салтка маани берип, руханий баалуулуктарын туу тутуп, нарк сактаган улуу эл. Нарк-насилибиз элибиздин дүйнө таанымын бекемдеп, тарых жайыгынан улут катары жоголуп кетүүсүнөн сактап келген.

Кылым карытып, мезгил сынынан өтүп, айрым жерлеринде толукталып, бекемделип жүрүп отурган.

Бүгүнкү күнүбүздө ааламдашуунун чеӊгээлине кирип, өзөгүбүз менен тамырыбызды жоготуп, наркыбызга доо кетирип албайлык.

Ошондуктан элдин көкүрөгүнө уюган улуттук нарктуулукту кайра калыбына келтирүү зарылчылыгынан улам, үстүбүздөгү жылдын май айындагы “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлык чыккан.

Дал ушул нарктуулуктун жазылбаган эрежелери менен, “Жакшы тилек – жарым ырыс” деп, ийгиликтүү иштерибизди көп айтып, өзүбүзгө өзүбүз дем берели, колдойлу.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз эли улуттук руху менен күчтүү. Биз – ириде тарыхы бай, эне тили көркөм, деми күчтүү, нарк билги, эркиндикти туу туткан, салттуу ислам динин карманган эгемендүү элбиз.

Эне тил демекчи, кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн өзүнчө бир символу, улуттук иденттүүлүктүн өзөгү. Эгемендүүлүгүбүзгө доо кетирбей, элдүүлүгүбүздү сактап калабыз десек, эне тилибизге сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө кам көрүшүбүз зарыл.

Ошентип эгемендүүлүгүбүздү ар тараптан бекемдөө иштери бүгүн да улантылышы абзел. Албетте, бул оңой-олтоң иш эмес, бул ары татаал, ары катаал иш. Ыкчам өнүгүп жаткан доор дагы биздин алдыбызга жаңы милдеттерди коюп жаткан кез.

Замандын ар кандай чакырыктарына баарыбыз дайым даяр болушубуз керек!

Мындан улам Кыргызстандагы тынчтык жана туруктуулук үчүн биринчи кезекте “мен кыргызстандыкмын” деген ар бир жаран жооптуу болушу кажет.

Эркин мамлекеттин бекемдиги ар бир жарандын аракетинен гана куралат, өлкөбүздүн эртеңи үчүн болгон жоопкерчилигинен түптөлөт. Ошондуктан, Кыргызстандын эртеңки келечеги кандай болору ар бирибиздин иш-аракетибизге байланыштуу экенин сезип, Мекенибиздин жаркын келечеги үчүн кызмат кылалы.

«Ынтымак бар жерде — ырыс бар» деген сөз бар элибизде. Кыргызстанда жашаган калктардын биримдиги бекем болуп, эркиндикти сүйгөн кыргызстандыктардын бакубат турмушу үчүн талбай эмгектенели!

Ошондо гана куттуу биримдигибизди сактай алабыз. Ошондо гана өлкөнүн тынчтыгы бекемделет, эгемендүүлүгүбүз чыңдалат!

Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү улуттун улуу күнү менен дагы бир жолу куттуктайм!

Терең билимге, руханий дөөлөттөргө, асыл наркка, мыйзамдуулукка жана демократияга таянган, руханий жактан өнүккөн Кыргыз мамлекетин курууга бет алалы.

Улуттун улуу күнүндө тоо башына көтөрүлгөн, түндүгүн күн нуру чайыган кызыл туубуз түбөлүк желбирей берсин!

Жергебизде ар дайым Манас урааны жаңырып, элибиздин жүрөгүндөгү эркиндик деми өчпөсүн!

Кыргызстаныбыз өнүккөн, ар бир жаран өзүн бактылуу сезген өлкөгө айлансын!”.