Сербияда өтө турчу дүйнө чемпионатына катыша турган кыргызстандык балбан кыздардын атаандаштары белгилүү болду.

Мелдеш Белград шаарында 10-18-сентябрь күндөрү болот.

Кыргызстандын атынан жалпысынан 15 спортчу катышат, анын үчөө кыздар. Тагыраагы, белгилүү балбандар Айсулуу Тыныбекова (62 кг.), Мээрим Жуманазарова (68 кг.), Айпери Медет кызы (76 кг.) катышат.

Бириккен күрөш уюмунун (UWW) сайтындагы маалыматка ылайык, ар бир салмак категорияда эле 20дан ашуун кыз күч сынашат. Уюм ар бир категория боюнча фаворит деп саналган сегиз спортчуну өзүнчө бөлүп көрсөткөн.

Тыныбекованын каршылаштары:

Лаис Нунес — Бразилия;

Кайла Миракл — Америка;

Илона Прокопевнюк — Украина;

Марва Амри — Тунис;

Ана Годинес — Канада;

Луиза Нимеш — Германия.

Жуманазарованын атаандаштары:

Тамира Менса — АКШ;

Блессинг Оборудуду — Нигерия;

Адела Ганзличкова — Чехия;

Наталия Стрзалка — Польша;

Ирина Рынгач — Молдова;

Чжоу Фэн — Кытай;

Полин Лекарпантье — Франция.

Медет кызы Айпери менен күрөшө тургандар:

Самар Амир Ибрагим Хамза — Египет;

Эпп Мяэ — Эстония;

Ясемин Адар — Түркия;

Франци Рейделт — Германия;

Анастасия Шустова — Украина;

Мартина Кюнц — Австрия;

Каталина Аксенте — Румыния.