Баатыр деген Ташиевдей эле болот. Ооба, айрым учурда орой болгону менен, көбүнчө барбалаңдап жөнөкөй, боорукер. Кыргыздын эле карала-торала жигити. Баатырга тийешелүү сапаттары дагы бар.

Негизи, 2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абаддагы каргашалуу окуядан кийин эле “Кыргыз эл баатыры” наамын бериш керек болчу. Карапайым элди кыргындан сактап калган. Аны окуяга катышып, көзү менен көргөндөр айтып жүрөт. Коррупция менен күрөшүп жатат, мамлекетти тоноп, жеп ичкендерди кустурду. Кылмыш дүйнөсүн (ОПГ) эки бутун бир чокоюна тыгып койду. Азыр уурулар, коррупционерлер, бандиттер – ТАШИЕВ дегенди укканда, көзү чекчейип калат.

Наамыңыз кут болсун!