2022-жылдын алты айында республикалык бюджеттин кирешеси 122 млрд сомду түздү. Бул тууралуу кечээ, 31-августта, Садыр Жапаров куттуктоо сөзүндө айта кеткенин президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, салык жана бажы төлөмдөрүнө көзөмөл күчөтүлүп, ошондон улам өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу бюджеттин киреше бөлүгү 49.5%га же 40.4 млрд сомго көбөйгөн.

Мамлекет башчысы жүргүзүлүп жаткан финансылык-экономикалык саясаттын негизинде быйыл мамлекеттик кызматкерлердин жана бюджеттик сектордун кызматкерлеринин, анын ичинде саламаттыкты сактоо, билим берүү, калкты социалдык жактан коргоо тармагында иштегендердин эмгек акысын олуттуу өлчөмдө көтөрүүгө мүмкүн болгонун баса белгиледи. Мындан тышкары, жарандардын айрым категориялары үчүн социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйгөн. Жөлөкпулдардын айрым түрлөрү 2021-жылдын 1-октябрына чейин төлөнгөн жөлөкпулдардын суммасына салыштырмалуу 100-200%га көбөйгөн.