Кара-Балта спирт заводу этил спиртин сатууга, импорттоого жана сактоого даяр. Бул тууралуу 1-сентябрда КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

“Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы үстүбүздөгү жылдын 10-августунан баштап курамында крахмал бар чийки затка (буудай данына) этил спиртин өндүрүүнү баштады.

Заводдо өндүрүш президенттин этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга 100% мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндөгү жарлыгына ылайык жүргүзүлөт.

«Учурда аталган ишкана менен алкоголдук жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн ортосунда этил спиртин жеткирүү боюнча келишимдер түзүлүп, аны сатуу иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Мекеменин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата 35 миң 632,53 декалитр кымбат алкоголдук продукция өндүрүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери 67 миң 453,4 декалитр ректификацияланган этил спирти өндүрүлүп, 60 миң декалитрден ашык сатылган.

Маалымат:

«Кара-Балта спирт заводу» МИ – этил спиртин өндүрүү боюнча толук жабдылган ишкана. Негизги ишмердүүлүгү спирт өндүрүшү болуп саналат. Ишкана курамында крахмал бар сырьену (3, 4, 5-класстагы буудай) да, кант камтыган сырьену да кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.