Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев «Кыргыз Республикасынын баатыры» деген наамга татыктуубу деген журналисттердин суроосуна жооп бергенин социалдык баракчасына жазып чыкты. Текстти өзгортүүсүз беребиз:

“Азаттык радиосу Камчыбек Ташиев Ош окуясы боюнча «Кыргыз Эл Баатыры» наамына татыктуубу?-деген суроону мага узатты.

Ош окуясы үчүн Камчыбек Ташиевке эң жогорку даражадагы сыйлыкты Президент ыйгарса…анда, Садыр Жапаров Мелис Мырзакматовго, Ахматбек Келдибековго, өзүнө жана Курсан Асановго дагы ыйгарышы керек эле.

Анткени, бешөөнүн тең эмгеги өтө чоң.

Эгерде, Камчыбек Ташиев Джалал-Абаддагы кырдаалды 2010-жылдагы Коогалаң мезгилдеги жөнгө сала алгандыгы үчүн сыйланса, анда Камчыбек Ташиев татыктуу сыйланган.

Камчыбек Ташиев БТРдин үстүндө, миңдеген каны кайнап турган жаштарды токтото албаганда, алар Сузакка кирип кетишкенде… Ош шаарындагы улуттар арасындагы кандуу окуянын трагедиясынан да жаман болмок. Ошондой эле  Сампага эч ким бара алган эмес, Камчыбектен башка.

Камчыбек Ташиевтин жасаган эрдиги Джалал-Абадда Коогалаңды өөрчүтпөй, токтотуп калганы. Бул деген, мамлекеттүүлүктүн пайдубалын сактап калганга барабар эле…сөз менен айта албаган эрдик болчу, коогалаң учурундагы.

Албетте, биринчиден элибизге рахмат кыргыз, өзбек дебей өз убагында түшүнгөнүнө, саясаттын курмандыгы болуп жатышкандарын, ошондой эле ынтымакка тез аранын ичинде келе алышкандары үчүн.

Эки доско ачуу чындык мен тарабынан айтылып келет. Кабыл алабы, албайбы…алардын чечими.

Ал эми ушул маселеде, акыйкаттык үчүн айтып койсом Камчыбек Ташиевке Эл Баатыры деген наам туура берилди, мени туура түшүнөт ким Ош окуясын, Джалал-Абаддагы оор күндөрдү көргөндөр.

Ал эми көрбөгөндөр, силер түшүнбөйсүңөр, ага капачылык жок.

Эмне демекмин, Камчыбек иним эң жогорку даражадагы сыйлыгың кут болсун. Өлкөбүздө тынчтык, эл арасында ынтымак болсун.

Кыргыздын мыкты уулдары абдан арбын, элдин тагдыры силердин колуңарда…андыктан ынтымактуу болгула.

Урматым менен, эжеңер Жылдызкан Джолдошова»- деп жазды ал.