Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-сентябрда өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга — өзгөчө эмгеги үчүн белгиленген ар кыл тармактын өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда.

Мамлекет башчысы сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөп жатып, мындан бир нече жыл мурда өзүнүн facebook`тагы баракчасына билдирүү жазгандыгын эске салды.

“Мындан бир нече жыл мурда мен да ушундай сыйлык тапшырууларды карап отуруп, “Бийлик качарда эле сыйлыктарды тапшырып калат” деп пост жаздым эле. Башкача айтканда, “дүжүрлөргө”. Мына кечээ жакында эле мен сыйлыктарды тапшырып жатканда мурдагыны алып чыгып, өзү да массалык түрдө сыйлыктарды тапшырып жатат деген сын-пикирлер болду. Мен эмне үчүн ал постту жаздым эле? Мурда өзүңүздөр жакшы билгендей сыйлыктарды сатылчу. Акчаң болбосо бир да сыйлык ала алчу эмессиңер. Муну азыр сыйлык алып жаткандардын баары билет”, – деди Садыр Жапаров.

Өлкө башчысы бийликке келгенде сыйлыктарда ыйгаруу боюнча атайын комиссия түзгөндүгүн айтты.

“Комиссияны чогултуп, татыксыздарга, акча менен сатып алууларга эч кандай сыйлык берилбеши керек дедим. Сыйлык, наамды сатып алганда биз өлкөнү эч качан өнүктүрө албайбыз. Ошондон баштап сыйлыкты эл арасында эмгеги сиңгендерге, татыктууларга берип жатабыз. Мындан ары бийликти, наамды, кызматты тааныш-билиш аркылуу сатып алуу деген болбош керек”, – деп баса белгиледи ал.

Садыр Жапаров коомчулукта наамды, сыйлыкты “дежурныйларга”, өзүн колдогондорго берип жатат деген сөздөр чындыкка дал келбей тургандыгын айтты. “Жок андай эмес. Мына азыр да араңыздарда бүгүн да сындап, бүгүн да колдобой келе жаткандар аксакалдар, орто муундагылар, жаштар отурасыздар. Бирок силердин эмгегиңер сиңген. Ошондуктан ал мамлекет тарабынан бааланып жатат”, – деди президент.