Кыргыз-казак чек арасында 3 өткөрүү пунтунда убактылуу чектөө коюлат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтотуу Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун маалымат базасын жаңылоого байланыштуу.

Ошентип, өткөрүү төмөнкү убактарда токтотулат:

— 11:00дөн 13:00гө чейин “Ак-Тилек- унаа жолу” пунктунда;

— 14:00дөн 16:00гө чейин “Кең-Булуң-унаа жолу” пунктунда;

— 17:00дөн 20:00гө чейин “Токмок-унаа жолу” өткөрүү пунктунда.

Белгиленгендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштейт:

— Чүй облусундагы – “Токмок-унаа жолу”, “Кең-Булуң-автодорожный”, “Ак-Жол-унаа жолу” жана “Чалдыбар-унаа жолу”;

— Талас облусунда– “Чоң-Капка-унаа жолу”.