Бүгүн, 2-сентябрда, өлкөгө жана элге өзгөчө эмгек кылган жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Буга чейин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бир катар ишмерлерге  “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.

Күндүн биринчи жарымында сыйлыктар мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгондорго тапшырылды.

Алар: Мамлекеттик ишмер Апасу Жумагулов, мамлекеттик ишмер, Түр мамлекеттер уюмунун аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медетхан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев.

Мындан тышкары, салтанаттуу иш-чарага өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан дарыгерлер, педагогдор, кесипкөй инженерлер, заман талабына ылайык келген жаңы кесип ээлери жана башкалар катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө мамлекеттүүлүктү жана элдин биримдигин чыңдоо максатында эмгектери элге кеңири таанылып, урмат-сыйга ээ болгон инсандарга өзгөчө көңүл бурулуп, улуттук духту көтөрө турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров “Манас”, “Даңк” ордендери, “Эл артисти”, “Эмгек сиңиген ишмер” жана башка наам, сыйлыктар дал ушундай үзүрлүү эмгектери менен айырмаланган жарандарга дем берүү, эмгегин баалоо, кийинки муунга өрнөк болуусу үчүн уюштурулганын белгиледи.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи күндүн экинчи жарымында улантылат. Башталышы 16:00дө.

Түз эфир УТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, социалдык түйүн баракчаларында болот.