“Кыргызстанда кандай жетишкендиктер, кандай саамалыктар болуп жатса, алардын бараандуу бөлүгүндө сыйлык ээлеринин жараткан эмгектери орчундуу орунду ээлейт”, — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-сентябрда, өздөрүнүн тармагында өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу сыйлык ээлери!

Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн белгилөө менен биз ар жылы мамлекет менен коомчулуктун өзөгүн түзгөн, өз ишине берилип, өз тармагынын кыймылдаткыч күчүнө айланып, өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан Мекенинин чыныгы атуулдарынын эмгегин мамлекеттик деңгээлде белгилөөнү салтка айландырып келе жатабыз.

Бул салтты быйыл да бузбай элге эмгеги өткөн, күжүрмөн иши менен айырмаланган жарандарыбызды сыйлоо алдында турабыз.

Өлкөбүздүн социалдык-экономикалык, билим берүү жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле кесиптик ишмердигиндеги чоң жетишкендиктери үчүн бир катар мекендештерибизди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүнүдө Жарлык чыкты.

Алгач сыйлык ээлерин Эгемендүүлүгүбүздүн 31 жылдыгы менен чын дилимден куттуктап кетейин. Сиздер өлкөбүздү туруктуу өнүктүрүүгө “өз ишим менен салым кошсом” деп, көз майыңарды коротуп, кол жоорутуп, акыл эмгегин жумшап, эң башкысы жүрөгү менен берилип, талыбас эмгектин аркасында Эгемендүүлүгүбүздүн чыңдалышына көмөктөшүп келесиздер.

Адамдын эмгегин баалоо, айрыкча, коомчулуктун, мамлекеттин кызыкчылыгындагы ишмердүүлүккө баа берүү таман акы, маңдай тердин акыбетинин кайтканы эмеспи.

Кандай учур болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, өз иши менен салым кошуп жаткан жарандарга мамлекет дагы тиешелүү деңгээлде кам көрө билиши кажет. Бул – бийлик менен элдин ортосундагы ишенимди бекемдөө менен бирге өсүп келе жаткан муундун өз эл-жери үчүн берилип кызмат кылуусуна мыкты өбөлгө болуп саналат. Айрыкча, азыркы учурубузда өнүккөн Кыргызстанды курууга багыт алганыбызда өз таланты, өз мээнети менен өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп жаткандардын демине дем, күчүнө күч кошот деп ишенем.

Албан-албан жетишкендиктери менен эл оозуна алынган мекендештерибиздин эмгеги акыйкат бааланып, мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар менен сыйланып жатышы жалпы коомчулук сыймыктана турган окуя. Ошол үчүн сөз баккан ата-бабаларыбыз “Сыйлык жалкы, сыймык жалпы” деп таасын белгилеп кетишкен.

Чыдамкайлыгы, өжөрлүгү жана адал эмгеги менен ушул деңгээлге жетишкен бүгүнкү сыйлык ээлери өз заманынын каармандарына айланары турган иш.

Дүйнө жүзүндө кайсы гана өлкөнү албайлы, мамлекеттин эң башкы байлыгы бул – адам ресурстары деп, чыныгы кесипкөйлөргө, өз ишинин майын чыгарган адистерге, эл-жерине берилип иштеген мекенчил эр-азаматтарына, бабаларынын тарыхын, нарк-насилин жетик билген жаштарына басым жасап, колдоп-коштоп келе жатканы маалым. Экономикалык артыкчылыктарда деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон Кыргызстандын шартыбызда, албетте адам ресурстарыбыз, тагыраак айтканда, кесипкөй адистерибиз татыктуу барк-баасын алышы өтө маанилүү.

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз – ырыс-кешиктүү эл. Уучу куру эмес. Бүгүнкү күндө коомубуздун өнүгүшүн ар тараптан шарттап, өз талант-дарамети менен эл оозуна алынып жаткан эр-азаматтарыбыз арбын. Муну элибизде «Казына казына эмес, эл казына» деп коет. Эл ичиндеги мындай таланты менен эмгеги элге даңаза болгон инсандарга Мекен алдындагы жоопкерчилигин сезип, кылган ак кызматтары үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Эми мамлекеттик сыйлыкка татыгандардын айрым катмарына аз-аздан кайрыла кетейин.

Мындан туура 2 жыл мурда дүйнөнү кыйсыпырга салган кооптуу коронавирус илдетинин туу чокусу болуп турган убак азыр да жүрөк титиретет. Мына ошондо көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөштүн алдыңкы сабында турган, өмүр-өлүм ортосунда жаткан жарандарды өз жандарын тобокелге салуу менен ажалдын оозунан сууруп алып жаткан дарыгерлердин бейнесин кыл калем менен кагазга түшүргөн кесипкөй сүрөтчүлөрүбүз да бар. Пандемиядагы коронавирус менен айыгышкан күрөштү бир көргөн адамдын жүрөгү болк дегенчелик көз алдыбызга элестүү кылып тартып берген өнөр ээси Таалайбек Усубалиевдин эмгегин татыктуу баалоо зарыл.

Театр дүйнөсүнүн маданиятта ээлеген орду өзгөчө. Себеби театрды коомдук турмушту жандуу көрсөткөн күзгүгө салыштырсак, драмалык чыгармаларда ар кыл ролдорду жараткан актер-актрисаларыбыз көрүүчүлөргө күнүмдүк жашоодогу ондогон кейипкерлерди образын ачып, адамдардын акыл- оюн, жан-дүйнөсүн ар тараптан байытат. Ошондуктан театр элге эстетикалык, этикалык таалим-тарбия берүүчү көркөм мектеп деп бекеринен айтылбайт. Маданияттын өнүгүшүнө чоң салымын кошуп келе жатышкан Анара Сыдыгалиеванын, Данияр Жанжигитовдун, Алымгазы Конушбаевдин эмгектери да тиешелүү деңгээлде бааланууга тийиш. Анара Сыдыгалиева менен Данияр Жанжигитов “Саманчынын жолу” спектаклинде башкы каармандар Толгонай менен Майсалбектин образдарын ийине жеткире аткарса, Алымгазы Конушбаев оюндун сценографиясын мыкты түзгөндүгү менен айырмаланган.

Бул эки эмгек – СOVID-19 жана аны менен күрөшүүдө алдыңкы сапта жүргөн дарыгерлер менен ыктыярчылар түйшүгүн чагылдырган композициялык сүрөттөр менен “Саманчынын жолу” спектакли өлкөбүздүн адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка арзып отурат.

Биз кылымдарды карыткан кыргыз элибиздин тарыхый булагы, маданий энциклопедиясы, элдик кеменгерликтин казынасы, калкыбыздын биримдигинин негизи болгон улуу “Манас” дастанына, манасчыларыбызга кам көрүүнү улантабыз. “Манас” дүйнөсүн көкүрөгүнө аздектеп сактап, астейдил мамиле кылып алып жүргөн мекендештерибиздин улуу баянды урпактарга жеткирип, кийинки муунду мекенчилдикке тарбиялоого өз салымын кошуп жаткан Назаркул Сейдракмановго да мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп жатабыз.

Сөз өнөрү менен айланабызда болуп жаткан, буга чейин болуп өткөн же боло турган окуяларды образдуу чагылдырууга негизделген искусттвонун түрү болгон адабият айдыңында өз стили, өз нугу, өз позициясы бар жазуучуларыбыз бар. Айрыкча адамдын коом алдындагы жоопкерчилигин сезе билүүсүн, аң-сезимдин калыптанышын жеткиликтүү көркөм баяндай алган чебер калем ээлери өздөрүнүн ой жүгүртүүсүнүн тереңдиги, курчтугу, аналитикалык талдоосу, мамлекеттик деңгээлдеги проблемаларды орундуу көтөрө алгандыгы менен айырмаланган Кален Сыдыкова эжебиз мына ушундай курч калем ээси. Албетте, биз элдин аң-сезимин ойготууга жан үрөгөн чыгармачыл инсандарыбызды колдошубуз керек.

Урматтуу агайын-туугандар!

Кадырлуу кыргызстандыктар!

Биз агрардык өлкө эсептелген Кыргызстаныбызда айыл чарба мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдаланып, айыл чарба жаатында иши менен эл оозуна алынган мекендештерибиз менен сыймыктанабыз. Өзгөчө өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун шарттоочу үрөнчүлүк чарбаларын жандандырып, учурдун талаптарына ылайык, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын алып, заманбап техникаларды колдонуу менен бул тармакты алга сүрөп бараткан Жамила Тойчубекова өңдүү ишкерлерибиз араңыздарда отурат.

Учурда өлкөбүздө өндүрүш тармагынын адистерине болгон суроо-талап күч алып турган маалда кен казуу тармагында адистерди, инженерлерди даярдап чыгарып, өндүрүш процессин өркүндөтүүдө бир топ ийгиликтерди жараткан Кеңешбек Сөлпиев сыяктуу такшалган адистердин мээнети дагы эске алынууга тийиш.

Ошону менен катар эле илимий иштерге жетекчилик кылып, илимий-усулдук эмгектерди, окуу куралдарын жазып, бир катар илимий эмгектерин патенттеген окумуштуу Нааргүл Ражапова эжебиз дагы бүгүн сыйлык алгандардын катарында отурат.

Кыргызстанда көпчүлүк жаштардын сүйүктүү спортуна айланган футбол оюнунун өнүгүшүнө Өмүрбек Алымбекович Кутуевдин сиңирген эмгеги зор. Кезеңинде ал түзгөн “Динамо” командасы республикадан 3 ирет чемпион болгону баарыбыздын эсибизде.

Биздин Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркибиздин жогорку категориядагы артисти Фатима Мукушева төөлөр менен койгон “Па-де-де” номери Россия, Түркия, Кытай, Израиль жана башка мамлекеттерде аншлаг менен өтүп, өз маалында өлкөбүзгө чоң абырой алып келген. Фатима Ивановна башка айбанаттарды да таптап үйрөтүп, далай оюн-зоок коюп циркке келген элди шаңга бөлөгөн.

Сыйлыкка арзыган инсандарыбыздын бири Валентин Григорьевич Тимошенко азыркы кезге чейин өлкөбүздүн алдыңкы вокалисттерин коштойт. Ошондой эле шаар мэриясынын симфониялык оркестринин коштоосунда айтылуу Чайковскийдин, Гершвиндин, Сен-Санстын чыгармалары менен чыгып келе жатат. Бул да болсо өз кесибине берилип, искусство өнөрүнө өмүрүн арнагандыгын далили.

Сыйлык алгандардын катарын алыскы райондордо талбай эмгектенип, кош бойлуу энелердин саламаттыгына кам көрүп, канчалаган үй-бүлөлөрдүн алкышын алган Токтобүбү Мадиева эжекебиз толуктайт. Эжекебиз өз кесибинен сырткары, коомдук иштерге да жигердүү катышып, элге эмгеги сиңген.

Сыйлык ыйгарууда элге анча белгилүү болбогон, бирок мааниси чоң кесип ээлерине да көңүл бурулгандыгы кубанарлык көрүнүш. “Бишкексууканал” мекемесинин мастери Динаргүл Ибраимова өз ишинде тажрыйбалуу, кесипкөй адис. Мекемеде көп жылдан берки үзүрлүү эмгеги, өзү тейлеген тармактын бардык тутумдарын өздөштүргөндүгү менен кесиптештеринин арасында чоң урмат-сыйга ээ, жаш муундарга наасатчы болуп келет.

Бүгүнкү мамлекеттик сыйлыкка татыктуу деп табылгандардын арасында адал эмгеги менен бүт өмүрүн коомду жакшыртууга арнап келе жаткан башка тармактардын өкүлдөрү да бар. “Эл тараза – эл сынчы”, — деген кеп бар эмеспи, анын сыңарындай, ал сыйлык ээлеринин эмгектерин эл айтсын.

Биз тек гана арабызда жүргөн мындай асыл адамдарыбызга чоң ыраазычылык билдиребиз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кандай жетишкендиктер, кандай саамалыктар болуп жатса, алардын бараандуу бөлүгүндө сыйлык ээлеринин жараткан эмгектери орчундуу орунду ээлейт. Бул инсандарыбыздын өрнөктүү өмүрү аркасынан өсүп келе жаткан муунга өрнөк, алга жетелей турган багыт болуп берет.

Урматтуу сыйлык ээлери!

Сиздердин эл үчүн, мамлекет үчүн жасаган эмгегиңиздер эч качан жерде калбайт. Элдин эсинде, урпактардын сезиминде, тарыхтын барактарында түбөлүккө калат.

Сыйлык алып келген эмгегиңиздер сиздерге чек болбосун. Мамлекеттик сыйлык сиздердин мындан аркы ишмердигиңиздерге шык, дем, күч болсун берсин!

Дагы бир жолу алган сыйлыгыңыздар кут болсун!”.