Мектептерде электрондук күндөлүктөр бекер болушу керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым жеке компаниялар өз кызматтарын акы төлөп көрсөтүп, ата-энелер тарабынан төлөмдөр боюнча нааразычылыктар көп.

«2020-жылы министрлик мындай системаларга талаптарды бекиткен, алардын бири мектептерде бекер иштеши керек болчу. Акча табуу жарнак аркылуу гана жүргүзүлүшү мүмкүн (жарнамалык талаптарга ылайык). Бирок, Күндөлүк ушул күнгө чейин бул талапты аткара элек», — деп түшүндүрдү Билим берүү министрлиги.

Белгилей кетсек, окуучулардын ата-энелери, электрондук күндөлүктүн төлөмү мыйзамдуубу деп сурашкан. «Билим берүү министрлиги бир нече жыл мурун бүт системаны бекер кылам деп убада берген. Жылдык төлөм аз – болгону 90 сом, бирок мындай төлөмдөрдүн мыйзамдуулугун актап беришсин. Күндөлүк колдонбогон ата-энелерге онлайн төлөбөй коюуга болобу?- деп сурашкан.

Шаардык билим берүү башкармалыгы электрондук күндөлүк кызматтарын көрсөткөн жеке компаниялар менен келишим түзүү ыктыярдуу деп жооп берди. Кааласаңыз баш тарта аласыз.

Эске салсак, 2020-жылы Билим берүү министрлиги бекер электрондук күндөлүктөрдү киргизүүнүн үстүндө иштеп жатканын билдирген.