2022-жылдын 8 айында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 99 млрд 961,4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады.

МСКдан кабарлашкандай, белгиленген план 1 млрд 445,5 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33 млрд 829,4 млн сомго көп салык жыйналган.

Салык кызматы тарабынан башкарылуучу мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин негизги үлүшү жыйымдардын жалпы көлөмүнүн 32% өлчөмүндө кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен камсыз кылынган.

Салык жана төлөмдөрдү жыйноо түзүмү: КНС – 32%, Кумтөрдөн келип түшүүлөр – 21,9%, пайда салыгы – 16%, киреше салыгы – 10,7%, акциз салыгы – 6,6%, сатуу салыгы – 4%, салыктын башка түрлөрү – 8,8%.