2022-жылдын 5-сентябрь күнү ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Баткен облусунун Лейлек районунун  жана Сүлүктү шаарынын 400 жакын жашоочусу менен жолугушту. Жолугушуу Лейлек районунун Маданият үйүндө өтүп,  анда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер менен бирге ыраазычылыктар да айтылды.

Лейлек районунун жергиликтүү тургуну чек арага чектешкен аймактарда күнү-түнү коомдук коопсуздукту камсыздашып, элдин бейпил жашоосу үчүн кызмат өтөп жатышкан милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Андан сырткары, Максат айылынын тургуну ички иштер министри Улан Ниязбековго  күнү-түнү элдин коопсуздугун камсыздоо максатында чек арага чектеш аймакта  милиция кызматкерлеринен турган кайгуул топторун түзүп бергендиги үчүн алкышын айтты.

Андан сырткары, калк менен жолугушуп, социалдык-экономикалык, укук коргоо, айыл-чарба жана билим берүү тармактары боюнча көйгөйлөрүн жеринен угуп, аларды чечүү үчүн Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Бөрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев  менен биргеликте бир катар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү  келишкен.

Бүгүнкү жолугушуу  чек арага чектеш айылдардагы маселелерин чечип берүү боюнча суроолордон башталды. Сугат иштерине, таза сууга, жолго, жаштарга үй салуулары үчүн жер бөлүп берүүгө, жөлөк  пулга,  билим берүү тармагына тиешелүү суроолор дагы берилип, Бишкек шаарынан келишкен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү өздөрүнө  тиешелүү маселелер боюнча жарандарга жооп беришип, кайрылууларын кабыл алышып, анын аткарылышын көзөмөлгө алынаарын билдиришти.  Андан соң аткезчилик боюнча маселелер дагы айтылып, бийлик өкүлдөрү буга тыкыр көңүл буруп,  бул мыйзамсыз иштер менен алектенгендерди мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү суроолорго ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов  жооп берди.   “Бүгүн жарандардан келип түшкөн ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан ар бир кайрылуу, арыз-даттануу кайрадан текшерилип, мыйзамдын чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт”,-деди Адылбек Бийбосунов.

ИИМдин Басма сөз кызматы