Жүйөлүү себептерден улам мектеп формасына ылайык келбеген кийим кийип келген окуучуну эч ким (мектеп администрациясы, мугалимдер, класс жетекчилер) билим алуу укугунан ажырата албайт жана ар кандай жаза берүүчү иш-аракеттердин жасалышына тыюу салынат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

«Өкмөттүн “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө” токтому кабыл алынган. Токтомго ылайык, окуучулардын мектеп формасынын көрүнүшү, өңү, фасону классикалык стилде болууга тийиш. Демек, буга чейин белгиленген кийимдин классикалык стилине болгон талап күчүндө калат»,- дешти алар