Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Кыргызстандагы элчисин Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-кытай мамилелерин бекемдөө, соода-экономикалык кызматташтыкты жигердендирүү, КЭРдин Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери боюнча пикир алмашты.

Министр Ж. Кулубаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун иш жүзүнө ашыруунун практикалык чараларынын маанилүүлүгүн, жолдун келечегин жана аймактагы өз ара байланыштуулукту күчөтүүчү бийик транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин ылайыкташтыруу, Кыргызстандын айыл чарба азыктарын Кытайга экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү боюнча маселелер жана пландар талкууланды.

Көп тараптуу кызматташууда алдыдагы ШКУнун саммитинин жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагындагы жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүүнү сүйлөштү.