Экономика
Салык кызматы быйыл 31,9 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту
Мамлекеттик салык кызматы январь-август айларында 31 млрд 952,9 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.
Салык кызматынан кабарлашкандай, бекитилген план 712,9 млн сомго же 2,3 пайызга ашыгы менен аткарылды.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 7 млрд 221,9 млн сомго көп чогултулду.