2022-жылдын 6-сентябрь күнү ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 450 ашуун жашоочулары менен жолугушту. Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Баткен облусунун жашоочулары менен эки күндөн бери жолугушуп, көйгөйлөрүн жеринен угуп, маселелерин мыйзам чегинде чечип берүү аракетин көрүшүүдө.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда жарандар бийлик өкүлдөрүнө жеке көйгөйлөрү, шаар ичиндеги социалдык-экономикалык маселелер боюнча суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк болду.

Бишкек шаарынан барган бийлик өкүлдөрүнө жарандар тарабынан жердин, таза суунун, турак жайдын жетишсиздиги, укук коргоо, билим берүү багытындагы маселелер, жөлөк пул алуудагы тоскоолдуктар, шаар ичиндеги мамлекеттик органдардагы коррупция айтылып, бул маселелерге көңүл бурушун суранышты.

Ошондой эле, жарандар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эл менен жолугушуп, көйгөйлөрдү жакындан билип, чечип берип жаткандарына ыраазычылыктарын билдиришти.

Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургун ички иштер министринин биринчи орун басарына кайрылып, ири алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишинин калыс тергелбей жатканын айтып, анын жүрүшүн көзөмөлдөп берүүсүн өтүндү. Ошондой эле, жарандар ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндөгү айрым кемчиликтерге дагы токтолушту.

Негизинен алганда бул жолугушуулар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана  жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулуп жатат.

Жалпысынан алганда Баткен облусунун жашоочулары чек арага чектеш аймактарда кызмат өтөшкөн милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө оң баа беришти.

ИИМдин Басма сөз кызматы