Президент Садыр Жапаров «Контрабандага жана товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына эсепке алынбаган ташып келүүгө каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жарлыктын максаты Улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого, контрабандага жана товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына эсепке алынбаган ташып келүүгө каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү болуп саналат.

Жарлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тапшырылат:

— Үчүнчү өлкөлөр жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү (импорттолуучу) товарларды (жүктөрдү) толук эсепке алууну камсыз кылсын;

— Кыргыз Республикасынын аймагына контрабандалык жана/же эсепке алынбаган ташылып келген товарларды (жүктөрдү), ошондой эле үчүнчү өлкөлөр жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды (жүктөрдү) контрабандалык жана/же эсепке алынбаган алып өтүү үчүн пайдаланылган транспорт каражаттарын конфискациялоону (алып коюуну) камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында чараларды көрсүн;

— Үчүнчү өлкөлөр жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү (импорттолуучу) товарларды эсепке алуу боюнча салык жана бажы кызматтарынын маалыматтык системаларынын үзгүлтүксүз иштешин, маалыматтарды онлайн режимде берүүнү, транспорт каражаттарынын мамлекеттик номер белгилерин таануу боюнча автоматташтырылган камералар менен өткөрүү пункттарын жабдууну камсыз кылсын;

— Үчүнчү өлкөлөр жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү (импорттоо) боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузган импортерлордун/ташуучулардын транспорт каражаттары үчүн атайын токтоочу жайларды киргизсин;

— Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө бара жаткан товарлардын транзиттик агымына күчөтүлгөн контролду киргизсин.