2022-жылдын 7-сентябрь күнү ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары менен жолугушту. Андан сырткары башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Зияйдин Жамалдинов жергиликтүү тургундар менен жолугушууга келишкен. Жолугушуу Ноокат районунун райондук мамлекеттик  администрациясынын жыйындар залында өттү. Жыйындын башталышында  бийлик өкүлдөрү эл менен учурашып,  жыйын эркин суроо-жооп иретинде болоорун, жарандардын жеке маселелерине, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнѳ байланыштуу  кѳйгѳйлүү суроолорго жооп берип, жакындан кабар алуу максатында келишкендигин билдиришти. Жер-жерлерде укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнѳ карата наразычылыктар пайда болуп жаткандыгынын бирден-бир себеби мыйзамдардын тез-тез алмашып жаткандыгына байланыштуу экендиги айтылды.

Жыйындын жүрүшүндѳ жарандар ѳздѳрүнѳ  тийиштүү кѳгѳйлүү маселелери боюнча суроо беришти. Жазгы жана күзгү эгиндерди айдоодо үрѳѳн маселеси менен камсыз кылуу ѳз учурунда берилбей кечигип жаткандыгы, сугат жана таза суу менен камсыз кылуу долбоорлорунун айланасындагы көйгөйлүү маселелер, күйүүчү майлоочу майлардын, айыл-чарба техникаларына керектүү запастык бѳлүктѳрдүн сапатын жана баасынын кѳтѳрүлүшүн көзөмөлдөө, жолдордун абалы, турак-жай  ж.б социалдык маселелер кѳтѳрүлдү. Бул багытта арыз менен кайрылган жарандардын арыздарын кабыл алышты.

Ал эми жарандар тарабынан ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан мал уурулуктун бетинин ачылбай жаткандыгы, арыздарды кароо мѳнѳтү созулуп жаткандыгына даттанышып, ошол эле учурда жер-жерлерде милиция кызматкерлерине ыраазычылыктар да айтылды. Алсак, жергиликтүү тургундар милициянын аймактык тескөөчүлөрү өз милдеттерин так аткарып жаткандыгын, милиция кызматкерлери ар бир чакырууга тез арада келип, ыкчам чараларды көрүп жаткандарын айтып, ыраазычылыктарын айтышты.  Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жарандардын милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнѳ байланышкан арыз-даттанууларын жазып алгандыгын жана арыз-даттануулардын мыйзам чегинде чечилүүсү боюнча кѳзѳмѳлгѳ ала тургандыгын билдирди.

Жолугушуу учурунда жарандар  ички иштер министринин биринчи орун басарына кайрылып,  мал уурулук, мүлк талашкан арыздардын каралышын, тергѳѳнүн жүрүшүн көзөмөлдөп берүүсүн өтүндү.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда жарандар бийлик өкүлдөрүнө жеке көйгөйлөрү, район ичиндеги социалдык-экономикалык маселелер боюнча суроолорун беришти. Жыйындын катышуучулары ушундай жолугушууларды уюштуруп жарандарга арыз-даттанууларын айтып алганга мүмкүнчүлүк түзүп беришкендиги үчүн ыраачылык билдиришти.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелер боюнча жеринде кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулуп жатат.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы