Чүй облусунун аймагына эки завод куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул туурасында Экономика министрлиги билдирди.

Келишимге министрлер кабинети менен «Терек-Таш» жана «Фирма «Зенит» консорциум компаниялары ортосунда кол коюлган.

Клинкер чыгаруучу завод Кемин районуна, ал эми цемент заводу Ысык-Ата районуна курулары айтылды. Өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 1,5 миллион тонна цемент чыгарууга ылайыкталган.

Эки заводду ишке киргизүү үчүн салына турган инвестициялык сумма 150 миллион долларды түзөт.