Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев башында турган Кыргызстандын делегациясы Эл аралык өрт коопсуздугу көргөзмөсүнө катышуунун алкагында Түштүк Кореяга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында министр Ажыкеев Кореянын Өрткө каршы улуттук агенттигинин комиссары Ли Хён Гю менен жолугушту. Жолугушууга өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары А.Мамбетов жана Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова катышты.

Министр Ажыкеев Кыргызстан тоолуу өлкө экенин, ар кандай табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдарга дуушар болуп жатканын, табигый кырсык коркунучунда тургандардын саны Кыргызстандын жалпы калкынын үчтөн экисин түзөрүүн белгиледи.

Министр өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө эл аралык кызматташууга маани берди. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча Кореянын Өрткө каршы кызматынын алдынкы тажрыйбасын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча заманбап технологиялардын бар экендигин эске алып, КР ӨКМ адистерин Кыргызстандын аймагында даярдоо жана кайра даярдоо боюнча тажрыйба алууга кызыкдар экендигин билдирди.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу чара көрүү үчүн техникалык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Өз кезегинде Ли Хён Гю жарандарды куткаруу боюнча жалпы тапшырмада өрткө каршы кызматтын ролу абдан маанилүү экенин белгиледи.

«Кореялык кызмат учурда өрт техниканын жаңы түрлөрүн, анын ичинде дрондорду жана робототехниканы түзүүнүн үстүндө иштеп жатат, келечекте кореялык тарап Кыргызстанга технологияларды өткөрүп бере алат», -деген ал Кореянын Өрткө каршы кызматы агенттиги КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тыгыз кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматтын ортосунда кызматташуу боюнча меморандум түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Кошумчалай кетсек, бул иш сапардын алкагында элчиликтин иштеп чыгуусуу менен КР ӨКМнин 10 адиси KOICA аркылуу Кореяда өрт коопсуздугу боюнча окуудан өтүүдө.