Кытай элчилиги Кыргызстандагы спорттун олимпиадалык түрүн аркалагандарды колдоо максатында 1 миллион 180 миң сом (110 миң юань) бөлүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Билдирүүгө ылайык, министр Азамат Жаманкулов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень менен жолугушуу өткөргөн.

Анда дипломат бул спортчуларга материалдык колдоо болорун белгилеген. Жаманкулов өз кезегинде кыргыз тарап элчилик көрсөткөн жардамды жогору баалай турганын айтып, каражат кайда сарпталарын Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети менен кеңешкен соң маалымдап коюуну убадалаган.